• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 15-мартка чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Алсак, Чүй облусунун аймагында 9-мартта күндүз, 10-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

15-мартка чейин Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта күндүз, 10-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта жаан жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-марттарда Талас облусунда күтүлгөн аба-ырайы

9-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-15-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15 -марттарда Талас шаарында күтүлгөн аба-ырайы

9-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-мартта Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта күндүз, 11-мартта жана 12- мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

9-15-март күндөрү Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-марттарда Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-мартта күндүз жана 10-11-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-марттарда Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-март күндөрү Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-март күндөрү Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта күндүз жаан жаашы мүмкүн. 10-11-марттарда жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жаан жаашы күтүлөт.

13-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-12-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

15-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 9-мартта түнкүсүн айрым жерлерде15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-марттарда Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

9-12-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта түнкүсүн кар, күндүз жаан жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-мартта түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

9-мартта айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

10-12-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

9-15-март күндөрү Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

9-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы күтүлөт.

10-12-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий