• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда абакта отургандардын арасында кургак учуктан көз жумгандардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда абакта отургандардын арасында кургак учуктан көз жумгандардын саны азайды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ Жаза аткаруу кызматынын башчысы Мелис Турганбаев Эл аралык Кызыл Крест (ЭКК) миссиясынын башчысы Сангита Кенинг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар абактарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана куруу боюнча 5 долбоорду талкуулашкан. Ошол долбоорлорду Кызыл Крест ушул жылы аткарууну пландаштырууда.

Эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, №8 мекемесинде септик куруу боюнча иштер аяктаган. Буга чейин баардык кир суулар сыртка төгүлүп, кир суу толгон көлчүк пайда болгон. Азыр жердин астына түтүктөр салынып, септик иштеп, көлчүк кургап калган. Эл аралык Кызыл Крест ошол эле абактын каратиндик имараттарынын ичин да оңдоону пландаштырууда.

Ошондой эле №16 түзөтүү колониясында медициналык бөлүмдүн чатырын жана экстремизм жана терроризм үчүн айыпталгандар үчүн үй-бүлөлүк жолугушуу бөлмөлөрүн куруу пландалууда.

Ал эми №2 аялдар абагында медициналык бөлүмдү түрттүрүп, анын оордуна кошумча имарат куруу пландалууда. Анын ичинде 2 процедуралык бөлмө жана 20 жатак орун түзүлөт.

Ошентип эки долбоор аяктап, бирөө баштоо этабында турат. ЭКК иштерди кийинки жумада баштоого даяр экендигин билдирген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы тиешелүү бөлүмдөргө бул долбоорлорду ишке ашырууда баардык документтерди даярдоо боюнча тапшырма берген.

Мелис Турганбаев Кызыл Крест уюмунун жардамы менен абакта отургандардын арасында кургак учуктан көз жумгандардын санын азайтууга мүмкүн болду. Мурун бул оорунун айынан колонияларда жылына 800гө жакын адам көз жумса, былтыр 16 адам көз жумган, деди.

Пикир

Оставить комментарий