• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. Бишкек шаарындагы коомдук транспортту тейлеген муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери менен жолугушуу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ырааттамада каралган токтоочу аялдамаларда гана алуу жана түшүрүү, 10 күндүк мөөнөттө каттамдардын номерлеринин арткы көрсөткүчүн орнотуу, ошондой эле GPS-трекерлер боюнча маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, жолугушууга мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жана президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Максат Нусувалиев жетекчилерди муниципалитеттин талаптарын жоопкерчиликтүү жана так аткарууга чакырды.

Өз кезегинде, жүргүнчүлөрдү ташыган уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү президенттин кеңешчисине жана департаменттин директоруна суроолорду берип, коомдук транспортко байланыштуу сунуштарын жана каалоолорун билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттук ишканалардын жетекчилерине (менчигинин түрүнө карабастан) жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу максатында айдоочулар курамы менен инструктаж өткөрүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий