• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышат

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эртең, 21-апрелде, майрамдык айт намазга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Орозо айтты майрамдоо күнүндөгү салттуу айт намаз Бишкек шаарындагы Эски аянтта өтөт.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык баракчаларда түз чагылдырылат. Түз эфир таңы саат 07:00дө башталат.

Айт намаздын программасы:

Саат 06:00-07:00дө – Дин аалымдарынын баяндамасы;
Саат 07:00-07:30дө – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
Саат 07:30дө – Айт намаз.

Пикир

Оставить комментарий