• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир күндө 169 кылмыш катталды – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат, - деп билдирет КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 20-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 169 кылмыш, 160 жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий