• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо боюнча мастер-класс өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо боюнча мастер-класс өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентгенхирургия борборунун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, мастер-классты Кытай, Россия жана Казакстандын алдыңкы адистеринин колдоосу менен өткөрүү пландалууда.

Аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо (TAVI) ачык хирургиясыз минималдуу инвазивдүү процедура. Аорта клапанын алмаштырууда жүрөккө жетүү үчүн хирург бейтаптын көкүрөгүнө кеспейт. Операция кан тамырга киргизилген катетер аркылуу гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий