• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата юбилейлик медаль чыгарылат. Сынак жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата юбилейлик медалдын эскизин даярдоого ачык конкурс жарыялайт.

Эскиздин долбоорунда Баткен облусунун өзгөчөлүктөрү камтылуусу шарт.

Сынактын жеңүүчүлөрү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталып, акчалай сыйлык тапшырылат.

  • 1-орунга — 15 миң сом;
  • 2-орунга — 10 миң сом;
  • 3-орунга — 5 миң сом.

Долбоорлор 2024-жылдын 25-апрелине чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө тапшырылууга тийиш: дареги: Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү – 1. Байланыш номери: 0(3622) 5-03-47, 0779389321

Пикир

Оставить комментарий