• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузактагы оорукана коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн инфекциялык ооруканага айланат

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарындагы оорукана коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн инфекциялык ооруканага айланат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени өкмөттүн облустагы өкүлү Н. Мирзахмедов көтөрүп чыккан. Акыркы учурда оорулуулардын саны кескин өскөндүктөн, Көк-Жаңгак шаарындагы оорукана мындан ары коронавирус илдет менен күрөшүп жаткандарды дарылайт. Аталган жайды даярдоо, көйгөлүү маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү бийликке облус жетекчиси тарабынан тапшырма берилген.

Ооруканада буга чейин суу жагынан көйгөй болуп келсе, эми аны чечүү максатында атайын өкүлдүн фондунан 150 миң сом бөлүнгөн.

Ал эми имараттын ичиндеги суу түтүктөрүн жана башкаларды ондоп-түзөө жумуштарын жүргүзүү максатында Сузак районунун акими Эрмек Омошев, райондук мамлекеттик админстрациянын эсебинен 150 миң сом бөлгөн, ошондой эле жеке ишкер Э. Сарбашов өзүнүн эсебинен 200 миң сом берген.

Аталган оорукана зарыл болгон 10 даана кычкылтек концентратору менен өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан камсыздалды

Пикир

Оставить комментарий