• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 52 адамда COVID-19 табылды. Көбү Нарын облусунда катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 27-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 52 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 520 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында - 9, Ош шаарында - 7 учур, Ош облусунда - 2, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 17 учур, Жалал-Абад облусунда - 3, Баткен облусунда - 1. Ошондой эле Соль-Илецктен кайтып келгендер арасынан да коронавирус табылды - 8 учур. РФдан келген курсанттардын арасынан да жаңы 2 учур катталды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий