• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды

Коом 0


Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 8-сентябрда УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны Ч.Д.Д. кармалды.

Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий