• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда Эл аралык билим берүү жумалыгы башталды

Билим 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстандын абитуриенттери менен таанышуу үчүн Эл аралык билим берүү жумалыгы ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана АКШ элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кей Джи Мур катышты.

Токтобүбү Ашымбаева иш-чараны уюштургандыгы үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылык айтып, бүгүнкү иш-чара заманбап билим берүүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөтөрүнө ишенем деп билдирди.

Кей Джи Мур Кыргызстандын студенттеринин үмүтү жана келечеги үчүн кам көргөн достор жана өнөктөштөр бар экендигин белгиледи.

“Бүгүн бул жерден сиздер үчүн жеткиликтүү бир нече программаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү таба аласыздар”, - деди ал.

Бишкекте үч күн ичинде Европа Бирлигинин Улуттук Эразмус+ программасы, ЕККУнун Академиясы, Германиянын DAAD, Улуу Британия Chevening программасы, Венгриянын Stipendium Hungaricum; Франциянын Альянс Франсез, Борбор Азиядагы Америка Университетинин; АКШнын программалары сыяктуу эл аралык билим берүү программалары жана дүйнө жүзүндөгү академиялык институттар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

Иш-чара 16-ноябрда Кыргыз Улуттук университетинде саат 14:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлөт. М. Фрунзе көч., 547.

17-ноябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде саат 14:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлөт. Ч.Айтматов проспекти 66.

Иш-чара Ош, Каракол жана Нарын шаарларында да өткөрүлөт.

Эл аралык билим берүү жумалыгы АКШнын Мамлекеттик департаменти менен АКШнын билим берүү департаментинин биргелешкен демилгеси.

Пикир

Оставить комментарий