• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда ишкерлерди коргоо деңгээлин изилдөөнүн алкагында сурамжылоо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.02.22 /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте бизнес коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ишкерлерди коргоо деңгээлин изилдөөнүн алкагында сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сурамжылоо БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу жана Башкы прокуратуранын демилгеси менен өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты - ишкерлер тарабынан бизнестин абалына баа берүү, Кыргыз Республикасындагы ишкердик укуктарды өнүктүрүү жана коргоо көйгөйлөрүнө, ошондой эле практикага жана мыйзамдарга талдоо жүргүзүү болуп эсептелет.

Сурамжылоо анонимдүү, респонденттерди аныктоосуз жүргүзүлүп, жалпы 155 респондент катышкан. Анын ичинен чакан ишкердик субъекти (кызматкерлердин саны 30 адамга чейин) – 78; орто ишкердик субъекти (кызматкерлердин саны 30дан 100 адамга чейин) - 18; ири ишкердик субъекти (кызматкерлердин саны 100 адам жана андан көп) - 6; жеке ишкер – 53.

Респонденттер төмөнкү тармактардын өкүлдөрү: тейлөө чөйрөсүнөн 31%, айыл чарба 15,5%, өнөр жай 12%, жеңил өнөр жай 9%, туризм 6%, соода 5%, курулуш 3%, тоо-кен казып алуу 2,5% жана башка.

Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоонун деңгээлин изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды иштеп чыкты.

Эскерте кетсек, кандайдыр бир көйгөй жаралса КР Башкы прокуратурасынын Ишкерлердин укуктарынын жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын төмөндөгү ишеним телефондору кайрылууга болот: (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.

Пикир

Оставить комментарий