• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күйбөй турган өсүмдүк майы чыгарыла баштады

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда “Аталык” өсүмдүк майынын биринчи партиясын сатыкка чыгара башташты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине коммерциялык директор Эмир Бейилбаев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районунун Бахмал айылында майды кайра иштетүүчү “Аталык Өзгөн” ишканасынын курулушу ийгиликтүү аяктады. Ишкана жылына 5 миллион литрден көп майды иштетүүгө жөндөмдүү.

“Аталык” – сафлор өсүмдүгүнүн уругунан салттык технология менен жасалган жогорку сапаттагы өсүмдүк майы.

“Биз майдын курамындагы бардык пайдалуу витаминдерди жана майлуу-кычкыл курамды сактап калдык. “Аталык” ар бир кожойкенин ашканасынынын алмашкыс бөлүгү болот”, - деди Бейилбаев.

Ал аталган өсүмдүк майынан тамактын бардык түрлөрүн жасаганга болорун, кууруп жатканда күйбөй турганын айтты. Май 265 градуска чейин туруштук бере алат жана өтө муздакта катып калбайт.

“Биз дыйкандарыбызга колдоо көрсөткүбүз келгендиктен жөнөкөй дыйкандардан керектүү азыктарды сатып алабыз”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий