• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сүттүн баасы туруктуу — Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев тарабынан айтылган маалымат боюнча өлкөдө чийки сүттүн баасы төмөндөбөй, стабилдүү наркта кармалып тургандыгын билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда кайра иштетүүчү ишканалар жергиликтүү калктан сүттү:

- Талас облусунда - 26-28 сомдон;
- Ысык-Көл облусунда – 28 сомдон;
- Нарын - 27сомдон 30 сомго чейин, дүкөндөр - 40 сомдон;
- Жалал-Абад облусунда - 35 сомдон;
- Ош облусунда - 40 сомдон;
- Чүй облусунда - 32 сомдон 38 сомго чейинки баада сатып алышууда.

Ал эми жергиликтүү калк дүкөндөрдөн чийки сүттү - 35 сомдон 70 сомго чейин, пастерленген 2.5% сүттү болсо 55 сомдон 120 сомго чейинки баада сатып алууда.

Пикир

Оставить комментарий