• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдүн шифер менен жабылган 4 чарчы метр жыгач устундуу чатыры жана 36 чарчы метр бастырмасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Талас районундагы Көк-Токой айылында турак үйдүн от жаккан бөлмөсүнүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Орток айылында турак үйдүн 30 чарчы метр шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылында турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры, 1 муздаткыч, 1 сыналгы жана башка үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий