• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-25-майда өтөт

Билим 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Ал ЖРТга тестирлөө 29-февралда башталганын жана 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлө турганын эске салды.

Батракеева маалымдагандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.

Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:

- паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);

- орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);

- ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;

- талапка туура келген электрондук сүрөт.

"Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт", - деди ал.

Эскерте кетсек, ЖРТ Кыргызстанда ЖОЖдордун гранттык орундарына, ошондой эле контракттык негизде окутуунун бардык формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки окуу) кабыл алууда милдеттүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий