• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп директорлорун тандоо сынагынын II айлампасынын графиги жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын графиги белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, тестирлөөнүн графиги боюнча облустарда төмөндөгү күндөрү өткөрүлөт:

  • Баткен облусу

Баткен мамлекеттик университетинде 21-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 61

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 183

Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 61ден талапкер катышат.

  • Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 21-22-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 132

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 396

Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 100дөн талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтөт. Ага 96 адам катышат.

  • Ош облусу

Ош мамлекеттик университетинде 23-24-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 172

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 516

Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 160дан талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтөт. Ага 36 адам катышат.

  • Чүй облусу

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 86

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 258

Тестирлөө бир күндө 3 нөөмөттө өтөт. Биринчи, экинчи нөөмөткө 100дөн, ал эми үчүнчү нөөмөткө 58 талапкер катышат.

  • Талас облусу

Талас мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 46

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 138

Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 46дан талапкер катышат.

  • Ысык-Көл облусу

Талас мамлекеттик университетинде 30-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 41

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 123

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 120 талапкер катышат.

  • Нарын облусу

Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 30-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 15

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 45

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 45 талапкер катышат.

Белгилей кетсек, мектеп директорлорун тандоо сынагынын биринчи айлампасы 11-августтан 30-августка чейин өткөн.

Пикир

Оставить комментарий