• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандан чөп, арпа жана буудайды экспорттоого тыюу салуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө чөп, арпа жана буудайды экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, макулдашуу министрлер кабинетинин кароосуна жиберилди.

“Бул чектөөлөргө тоют да кошулган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда суу тартыштыгынан улам чөптүн кымбатташы байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий