• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15 жаштагы Диана изделүүдө. Ал Ысык-Көлгө иштегени кетиши мүмкүндүгү айтылууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Диана Гурова изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Диана Гурова 13-июнда Кайыңды айылындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда. Анын туугандары Гурова Ысык-Көлгө иштегени кетиши мүмкүндүгүн айтышууда.

Белгилери: бою 169 см, толук, чачы кыска жана кара түстө, каректери жашыл өңдө.

Кийими: футболка жана шымы кара түстө, бутунда кара-кызгылт спорттук бут кийим.

“Кимде-ким Диана Гурованын жүргөн жерин билген болсо 0(312) 60-79-89, 0(702) 31-75-22 жана “102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий