• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жѳѳ күлүктѳр Ташкент шаарынын жалпы марафонунда катышты

Коом 0

Ташкент, 10.09.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Ош-Ташкент багыты боюнча уюштурулган “Достук” марафонунун катышуучулары Сатвалды Ажы Хусанов (75 жаш), Зулумбек Хабибуллаев (70) жана Курсанбек Сыдыков (50 жаш) жекшемби күнү Ташкент шаарында болуп ѳткѳн жалпы массалык марафондо катышты.

Марафон уюштуруучуларынын айтымында, Ѳзбекстан эгемендигинин 27 жылдыгына арналган марафонда Кыргызстандык меймандардын катышуусу бул иш-чаранынын маани-маңызын байытып, анын зоболосун дагы да жогорку деңгээлге кѳтѳрдү.

Кыргызстан-Ѳзбекстан “Достук” марафону долбоорунун катышуучулары мындан эки күн мурда, 7-сентябрь күнү кечинде Ташкент шаарына жетип келишти. Аларды шаар астанасындагы “Рахат” постунда Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчилигинин кызматчылары, Ѳзбекстан Спорт министрлиги, Ташкент шаары мэриясы жана коомчулугу, чет ѳлкѳлүк жана жергиликтүү ЖМК ѳкүлдѳрү салтанаттуу маанайда тосуп алышты.

Кыргызстандык жѳѳ күлүктѳрдүн аксакалы Сатвалды Ажынын айтымында, “Достук” марафону Кыргызстан жана Ѳзбекстандын Эгемендигининг 27 жылдыгына, улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовтун 90 жылдыгына, белгилүү ѳзбек акыны жана мамлекеттик ишмер улуу Бабардун туулган күнүн 535 жылдыгына арналды. Марафондун жалпы дистанциясы 540 километр болуп, ошонун 430 километрин чуркап, “Камчык” ашуусун (110 км) жеңил машинада басып ѳтүлдү.

“Негизги максатыбыз – кылымдарды карыткан кыргыз-ѳзбек достугун мындан ары да чыңдоого, калктарыбызын ортосундагы тарыхый карым-катышты, ѳз ара алакаларды, кызматташтыкты жандандырууга, элибизде, айрыкча жаш муунда сергек турмушту калыптантырууга салым кошуу болуп саналат. Мына биз дээрлик 10 күндүн ичинде Ош шаарынан Ташкентке чейин кѳптѳгѳн адамдар менен жолугуштук, баарлаштык. Ар бир жолугушууда биз менен маектешип, биздин демилгеден шыктанып, эч болбогондо 4-5 адам сигаретти таштап, дене-тарбиясы менен алектенип, ѳзүнүн ден-соолугу, саламаттыгы тууралуу кам кѳрсѳ, биз ниетибизге жеткен болобуз”, деп айтты Сатвалды Ажы.

Ал эми марафондун дагы бир катышуучусу, Ош областынын Ноокат райнундагы спорт мектебинин машыктыруучусу Курсанбек Сыдыковтын айтымында бул марафон, анын максаты, жолдогу жолугушуулар ал кишиде ѳзгѳчѳ кѳтѳрүңкү руханий жагдай пайда кылды. “Тыныгуу кездеринде ой-толголорумду кагазга түшүрүп эки ыр жаздым, бири кыргыз-ѳзбек достугуна, ал эми экинчиси кыргыздын сыймыгы Чынгыз Айтматовко арналган”, дейт кыргыздын жѳѳ күлүгү.

Кыргыз-ѳзбек достугу

Орто Азия – Казакстан, Тажикистан,

Достукта бол Ѳзбекстаны, Кыргызстан.

Тилегибиз, максатыбыз бирге болуп,

Жараткандан биз тилейбиз кубанычтан!

Коңшулаш элибиз бар Ѳзбекстан,

Эгемендүү жерибиз бар Кыргызстан!

Эки элдин эгемендүү майрамына,

Ош-Ташкент чуркап келдик чарчабастан!

Эгемендүү майрамыңар кут болсун,

Кыргызстан, Ѳзбекстан гүлгѳ толуп,

Алла-Таала ѳмүр берсин, тынчтык берип,

Ар дайым асманыбыз ачык болсун!

Чыңгыз Айтматовтун 90 жылдыгына

Чыңгыз деген “чексиз” деген улуу сѳз,

Бүт тулкуна түрк дүйнѳсүн батыра,

Улуулуктар түбѳүккѳ ширелип,

Ай-ааламга ыроолонгон чачыла!

Сыймыктанам эр Манастаын урпагы,

Талашы жок, негизинен ал Кыргыз,

Бирок Чыңгыз бүт адамзат атуулу,

Мен да Чыңгыз, сен да Чыңгыз, ал – Чыңгыз!

Пикир

Оставить комментарий