• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 03-08.08.2020

Аналитика 0

Дүйнөлүк банктын жаңы өкүлү. Бул аптада Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы өкүлү алмашканын билдирди. Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп Хасан Накви дайындалды.

Буга чейин ал кызматта 2017-жылдын август айынан бери Болорму Амгаабазар иштеп келген.

Хасан Накви Дүйнөлүк банкта ар кандай кызматтарды ээлеп келген - Европа, Борбор Азия жана Түштүк Азияда иштеген. Буга чейин ал 2016-2020-жылдары Дүйнөлүк банктын Азербайжандагы өкүлү болуп иштеген.

Креативдүү экономика. Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгууда.

Экономика министрлиги билдиргендей азыркыдай ресурстар чектелген, кырдаал катаал болуп турган шартта уникалдуу билимге, инновацияларга, маалыматтык технологияларга негизделген экономиканын өнүгүшү актуалдуу болуп турат. Мында чыгармачылык менен социалдык-маданий аспект экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшүнүн акселератору болуп калмак.

Өлкө экономикасынын өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттары ички рыноктогу кыйынчылыктарды дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөргө жана глобалдуу масштабдагы пандемияга (COVID-19) байланыштуу эске алуу менен бирге ыкчам, аз капитал талап кылып жана инновациялык чечимдерге негизделген экономикалык өсүштүн жаңы параметрлерин аныктайт.

Керектөө азайды. Кыргызстанда электр энергиясынын керектөөсү 2020-жылдын июль айында 860 млн 577 миң кВт/саатты түздү.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы билдиргендей былтыр бул көрсөткүч 939 млн 739 миң кВт/саатты түзгөн.

Донорлордун акчасы. Бүгүнкү күнгө карата эл аралык донорлордон 333,3 млн доллар алынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

"Анын ичинен 260,2 млн доллар бюджетти колдоого жумшалды. 44,1 млн доллар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилди, 29 млн доллар экономиканы колдоого жумшалды", - деди ал.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

Салык көп чогулду. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын июль айында 6 млрд 859,1 млн сом суммасында салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Белгиленген план 109,9 %га же 616,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Салык кызматы билдиргендей былтыркыга салыштырмалуу салыктардын түшүшү 548,9 млн сомго көбөйдү.

Ушул жылдын 7 айында 40 млрд 452,3 млн сом салык жана төлөм жыйналган.

Резервдик каражаттар. Сырттан алынган каражаттардын 7,9 млрд сому экономиканы колдоо үчүн резерв катары кармалып турат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

Анын айтымында, учурда эл аралык донорлордон 333,3 млн доллар алынган. Анын ичинен 260,2 млн доллар бюджетти колдоого жумшалган.

"Бюджетти колдоого деген 260,2 млн долларды сомго которгондо 20 млрд 448,4 млн сом болду. Анын 7,9 млрд сому экономиканы колдоо үчүн резерв катары кармалып турат", - деди ал.

Ал 20 млрд 448,4 млн сомдун 12 млрд 467,3 млн сому кайсы тармактарга жумшалганын айтып берди:

- 7 млрд 169 млн сом - айлык акыларга (саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо оргадарында иштеген кызматкерлердин маяналарына);
- 860,7 млн сом - социалдык керетөөлөргө чегерүү катары ;
- 2 млрд 309,7 млн сом - Социалдык фондго пенсия, жөлөкпул төлөө үчүн;
- 160,8 млн сом - жергиликтүү органдарга теңдөөчү трансферт катары;
- 2 млрд 48,3 млн сом - социалдык жардам жана камсыздандырууга;
- 240,1 млн сом - материалдык резервдер фондуна;
- 169,4 млн сом - азык-түлүк жана китептерди сатып алууга;

Ат-Башы ГЭСи. Ат-Башы ГЭСинде жаңы орнотулган трансформатордун сыноосу өткөрүлдү.

"Электр станциялары" ААКсы билдиргендей, жан трансформатор станциянын ишинин ишенимдүүлүгүн арттырыш керек.

Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун электр энергиясына болгон керектөөсүнүн 30%ын камсыз кылат. Т-1 трансформаторун алмаштыруу боюнча иштер 24-июнда башталып, 31-июлда аяктаган.

ММК фондуна берилген каражат. Эл аралык донорлордон алынган каражаттын 44,1 млн доллары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилген.

Каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркулдун айтымында, бүгүнкү күнгө карата эл аралык донорлордон 333,3 млн доллар алынган. Анын ичинен 260,2 млн доллар бюджетти колдоого, 44,1 млн доллар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилсе, 29 млн доллар экономиканы колдоого жумшалган.

Ал Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилген каражаттар кандай жумшалганын айтып берди:

- жеке коргонуучу каражаттарга - 5 млн 397,2 миң доллар;
- дезинфекциялоочу каражаттарга - 1 млн 305,9 миң доллар;
- лабораториялык реактивтерди алууга - 73,8 миң доллар;
- дары-дармекке - 8 млн 166 миң доллар;
- медициналык багыттагы каражаттарга - 11 миң доллар;
- жасалма дема алдыруучу аппарат, БИПАП, ЭКГ, монитор ж.б. жабдыктарга - 1 млн 503,3 миң доллар;
- чарбалык товарларга - 20,2 миң доллар;
- тез жардам унааларына - 764,9 миң доллар;
- дарыгерлерге маяна жана кенемте төлөөгө - 24 млн 952,2 миң доллар;
- тамак-аш сатып алууга - 1 млн 526 миң доллар;
- оңдоо иштерине - 381,7 миң доллар.

Айыл чарба экспорту. Кыргызстан 2020-жылдын 6 айында 110 млн долларга айыл чарба продукциясын экспорттоду. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркы көрсөткүчтөрдөн төмөн эмес.

"Продукциянын 52 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолду. Ошондой эле биздин продукцияларды араб өлкөлөрүнө экспорттоо жогорулады. Сирияга жана Бириккен Араб Эмираттарына 11,5 млн долларлык айыл чарба продукциясы жөнөтүлдү", - деди министр.

Бюджеттен бөлүнгөн каражат. Бул аптада өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул пандемия башталгандан бери республикалык бюджеттен жеке коргонуучу каражат, жабдык жана башка максаттарга бөлүнгөн 2,5 млрд сом кайда жумшалганын айтып берди.

Анын айтымында, 2,5 млрд сом республикалык бюджеттин каражаттары болуп эсептелет.

2,5 млрд сомдун жумшалашы:

- 488 млн сом - Саламатык сактоо министрлигине жасалма лем алдыруу аппарат, кычкылтек концентраторун, реагент, чыгымдык материалдарды алууга, кенемте төлөөгө;
- 600,9 млн сом Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жеке коргонуучу каражат алууга, кенемте төлөөгө;
- 566,8 млн сом - укук коргоо органдарына тамак-аш, жеке коргонуучу каражат алууга, кошумча төлөмдөрдү төлөөгө;
- 475,6 млн сом - Материалдык резервдер фондуна;
- 208,9 млн сом - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине;
- 27,7 млн сом - өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө жеке коргонуучу каражаттарды ж.б. алууга;
- 3,1 млн сом - Мамлекеттик ветеринардык инспекциясына жеке коргонуучу каражаттарды ж.б. алууга;
- 157,2 млн сом - ТИМге ПЧР-тест, чыгымдык матераил, медициналык жабдык алууга;
- 1 млн сом - Транспорт министрлигине;
- 40 млн сом - өзгөчө кырдаал-абал учурунда калктын аярлуу катмарына азык-түлүк сатып алууга.

Фонддун насыясы. Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши Кыргызстанга 100 млн доллар насыя бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Каржы министрлиги билдирет.

Насыя өкмөттүн жана Кыргызстандын Улуттук банкынын коронавирустун экономика, каржы жана социалдык тармактарына тийгизген таасирин жоюу программасын ишке ашырууга багытталат.

Маалыматта насыянын шарттары тууралуу айтылбайт.

Пикир

Оставить комментарий