• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Тэгу шаарындагы «Достук кечеси 2021» иш-чарасына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-ноябрында Тэгу шаарында Кемён университети Тэгу шаарынын мэриясы жана Кёнсанбук-до провинциясы менен биргеликте уюштурган «Достук кечеси 2021» болуп өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Кёнсанбук-до провинциясынын губернатору Ли Чоль У, Тэгу шаарынын мэри Квон Йонжин, жогорку даражалуу расмий адамдар, провинциянын бизнес, медициналык жана академиялык чөйрөлөрүнүн, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, анын ичинде Вьетнамдын, Польшанын, Румыниянын жана Кыргызстандын элчилери катышты. Кыргызстандын атынан элчи Динара Кемелова катышты.

Өзүнүн кириш сөзүндө элчи Кемелова катышуучулардын көңүлүн быйыл Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого, ошондой эле келерки жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоого бурду. Кыргызстандын элчиси кыргыз жана корея элдеринин окшоштугун, маданияттар аралык алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тоолуу Кыргызстандын туристтик потенциалы жана кооз жаратылышы тууралуу айтып, Кёнсанбук-до провинциясынын тургундарын элинин меймандостугу менен таанылган Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Ошондой эле элчи провинциянын губернатору Ли Чоль У жана Тэгу шаарынын мэри Квон Йонгжин менен кыскача сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийликтери менен боордоштук мамилелерди түзүү, энергетика, саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу, калктын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, Кыргызстандан жумушчу күчүн тартуу жана аймактар аралык алмашуу маселелери талкуулады.

Ошондой эле Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Донгсан медициналык борборуна барып, директор Ли Сэ Ёп жана башкы дарыгери Же Сок Хван, ошондой эле Тэгу-Кёнбуктагы Корея-Кыргызстан достук ассоциациясынын жетектеген төрага Ча Сон До менен жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле медициналык борбордун чоң залында «Кыргыз Республикасынын маданияты жана туризми» аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.

Медициналык борбордун жетекчиси менен саламаттык сактоо, Кыргызстандагы ооруканалардын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий