• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын медициналык персоналы калкты эмдөөгө даярданууда

Аналитика 0

Азыркы учурда эмдөө маселеси Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө актуалдуу болуп турат. Вакциналардын жеткиликтүүлүгү маселеси бардык жакта курч турат, эмдөөнүн биринчи этабында элдин баары эмес, тобокел тобунда турган адамдар алышы мүмкүн. Коронавирустун жаңы толкуну башталганы тууралуу маалыматтардын алкагында элдер чочулап жатышат, анткени көпчүлүк өлкөлөр локдаунду улантып, кызыл зонаны кеңейтүүдө. Алыска барыштын кереги жок, мындай кырдаал коңшу Казакстанда байкалууда. Кыргызстанда дагы статистика көңүл жылытарлык эмес, күн сайын жугузуп алгандардын саны көбөйүп жатат.

Ушундай шартта экономикасы эми гана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жөн гана туруштук бере албай калышы мүмкүн. Өткөн жылдагы Кыргызстандагы абалга эле көз чаптыруу жетиштүү. Кичи жана орто бизнеске жакшы болгон жок, алардын көпчүлүгү өз бизнестерин калыбына келтире албай, натыйжада жабылууга аргасыз болушту. Мындан тышкары, ага пандемиялык кырдаалдын сакталышы менен коштолуу жана тышкы инвестициянын жоктугу себеп болду. Анткени азыркы учурда ири оюнчулар үчүн эң башкысы каражатын көбөйтүү эмес, тескерисинче аны сактап калуу маанилүү. Ушуга байланыштуу дүйнө жүзүндө вакцинациялоо маселеси курч турат жана дары-дармектердин жетишсиз болушу мүмкүн, изилдөө жүргүзүү үчүн убакыт жетишсиз болду. Вакциналардын бирин ишке бергенден кийин татаалдашуу болгон абал мунун ачык далили (Ситуация с осложнениями после введения одной из вакцин это прекрасно продемонстрировала). Демек, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунда айтылган пландарга алымча-кошумчалар киргизилет.

Муну менен катар, вакцина чыгаруу – бул бизнес экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Эч ким аларды ири көлөмдө жөн эле таркатып койбойт жана сатып алуу үчүн акча керек. Ооба, Кыргызстандын өнөктөштөрү бар, алар гуманитардык жардам катары ар түрдүү дары-дармектерди беришет, мисалы кытай вакцинасы алынып келинди, бирок мындай доза барына жетпейт. Азыр эл үчүн дарынын белгилүү санын сатып алууга даяр жарандар бар. Алар эмгек мигранттары болуп чыкты.

Ошентип, кечээ саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мигранттар жана бизнесмендер "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын сатып берүүгө даяр экенин айтты.

Ал вакцина маселеси боюнча РФнын саламаттык сактоо министри менен эки ирет жолукканын, андан тышкары, КР президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда россия тарап "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын берүүгө макул болгонун айтты.

“Азыр көпчүлүк өлкөлөр "Спутник V" вакцинасынын натыйжалуу экенин билишип, буйрутма бере башташты. Биз кезекте турабыз. Апрелдин аягында, майда же июнда вакцинаны алабыз”, - деди ал.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы ага кыргыз мигранттары жана бизнесмендери кайрылышып, "Спутник V" вакцинасын сатып берүүгө даяр экендиктерин айтышканын билдирди. “Премьер-министр уруксат берди. Биз алардын каражатына россиянын вакцинасын сатып алууга камданып жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Вакцинадан башка дагы нюанстар бар. Мисалы, саламаттык сактоо тутуму мүмкүн болгон жаңы толкунга даярданып, андан тышкары, медициналык персонал вакцинаны туура колдонуп, туура сактап, калкка мүмкүн болгон терс таасирлерин түшүндүрүшү керек. Бул үчүн медицина кызматкерлерине кошумча ар кандай иш-чаралар жургүзүлүшү зарыл.

“COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярдык көрүүнүн алкагында министрликтин башкы штаттык эмес адистери тарабынан 22-27-март аралыгында Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыгер жана медайымдардын топторуна (мультидисциплинарных команд (МДК) кайрадан окутуулар өткөрүлдү. Аталган топторго инфекционист, пульмонолог, реаниматолог, кардиолог, педиатрлар, акушер-гинекологдор, терапевттер, үй-бүлөлүк дарыгерлер, неврологдор, эндокринологдор жана медицинанын башка багыттарынын өкүдөрү катышты”, - деп айтылат Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында.

Окутуунун жүрүшүндө консилиум аркылуу дарылоого, кычкылтек терапиясынын ар түрдүү режимин колдонуу менен оор жана өзгөчө оор бейтаптарды респиратордук колдоо боюнча иш жүзүндөгү көндүмдөргө, жогорку агымдагы кычкылтек терапиясына, өпкөнүн инвазивдик эмес вентиляциясы, андан тышкары, өпкөнү жасалма желдетүүгө (ИВЛ) өзгөчө көңүл бурулду, анткени жогоруда көрсөтүлгөн терапияны колдогон технологиялар дарылоонун натыйжалуулугун көтөрүп, абалы оор бейтаптардын өмүрүн сактап калат.

“Белгилей кетүүчү жагдай, дарыгердин жардамчысы ролунда абалы оор бейтаптарга жардам көрсөтүүдө жана жалпысынан COVID-19 жана башка чакырыктар менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тутумунун мүмкүнчүлүгүн бекемдөөдө медайымдардын жогорку потенциалын белгилей кетүү зарыл. Көп тармактуу командалардагы врачтар жана медайымдар калктын саламаттыгын натйжалуу коргоо үчун коронавирус инфекциясынын жаңы мүмкүн болгон толкунуна даяр (МДК врачей и медсестёр готовы к новой возможной волне коронавирусной инфекции и другим вызовам, для эффективной зашиты здоровья населения)”,-деп билдирди министрлик.

Муну менен катар профессор Талант Сооронбаев түзүлгөн тармак бардык аймактарда иштейт жана мындай мамиле коронавируста гана эмес башка чакырыктарда дагы жардам көрсөтүү жана ыкчам жооп кайтаруу үчүн артыкчылыкка ээ деп белгиледи. Ошондой эле мындай мамиле аба өтө оор бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүдө колдонушу мүмкүн.

Ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан медициналык кызматкерлер үчүн жаңы алгоритмдер жана дарылоонун методикасы иштелип чыкты. Жарлык февралда эле бекитилгени маалымдалды.

“Вакцинацияга даярдануу” бөлүмүндөгү алгоритмге ылайык – медицина кызматкери вакцинаны даярдоодон алдын колду көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, дыкат тазалыш керек.

Профилактикалык эмдөөлөр үчүн убактылуу эмдөө пункттарында КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2017-жылы 15-августундагы №718 “КРнын саламаттык сактоо уюмдарында коопсуз эмдөө тажрыйбасынын усулдук көрсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндө” буйругунун талаптары аткарылат. Аталган талап Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык, пландык вакцинациялоодо бардык эмдөө пункттарында колдонулат.

Калкты жапырт эмдөөгө байланыштуу Кыргызстан ар түрдүү эл аралык уюмдардын мүчөсү болгондуктан вакцина алуунун бир нече жолдору бар экендигин эстен чыгарбоо керек.

Калктын COVID-19га каршы вакцинага жеткиликтүүлүгүн алуу максатында бир канча альтернативдик варианттар каралган:

  • COVAX механизми боюнча

COVAX (вакцина боюнча глобалдык альянс) глобалдык демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан коронавирус инфекциясына каршы 2 млн 600 миң доза вакцина алууга арыз берилген.

  • «Спутник V» россиялык вакцинасын жеткирүү

Кыргызстндын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан россиялык вакцинанын 500 миң дозасын жеткирүү маселеси иштелүүдө. Бүгүнкү күнгө карата россиялык вакцина Кыргызстанда каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алып, дары-дармектердин атайын тизмесине киргизилди.

  • Мамлекеттик бюджетинин каражатынын эсебинен.
  • Донорлордун колдоосу жана чет жерде жашаган ишкер мекендештердин эсебинен.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий