• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек-Ош унаа жолунун 207-224 чакырымында (Ала-Бел ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий