• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Корея банкынын изилдөө тобунун делегациясы келип кетти

Экономика 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Кыргызстанга Корея банкынын изилдөө тобунун делегациясы келип кетти. Бул тууралуу КР Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, алар үстүбүздөгү жылдын 16-18-январь күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкына 2022-жылга билим тармагында өнөктөштүк программасы боюнча Корея банкы менен КР Улуттук банкынын ортосунда эки тараптуу макулдашуунун алкагында келип кетишкен.

Иш сапардын алкагында делегация Улуттук банктын жетекчилиги менен жолугушуп, анда Билим тармагында өнөктөштүк программасы жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Корея банкынын жана Улуттук банктын эксперттеринин катышуусунда Улуттук банктын аналитикалык потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен иштерди аткаруунун жыйынтыктары боюнча семинар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий