• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга Россиядан аскердик жардам келди

Коом 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Бишкекте кайтарымсыз жардам көрсөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө россиялык аскердик продукция тапшырылды. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

“Кеп артиллериялык куралдарга топографиялык мүлк жана тетик бөлүктөрү тууралуу болууда”,- деп айтылат билдирүүдө. Тапшырылган жабдуулардын баасы көрсөтүлгөн эмес.

Россия Кыргызстанга республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик даярдыгын чыңдоого багытталган аскердик-техникалык жардам көрсөтүүдө.

РФ тарабынан аскердик-техникалык жардамдын көрсөтүлүшү узак мөөнөттүү келечекке ээ жана өлкөдө ишенимдүү коргоо потенциалын түзүүгө шарт түзөт. Жардам Кыргызстанга 1 млн АКШ доллары көлөмүндө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун алкагында көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий