• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди

Саясат 0

Бишкек, 03.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды. Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүүмамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келди.

Маалымдама: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыктыөнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.

Белгилесек, быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өтөт.

Пикир

Оставить комментарий