• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай биздин улуу кошунабыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 27.04.19. /Кабар/. Кытай биздин улуу кошунабыз, ишенимдүү досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Кытай мамлекетинин бардык ийгиликтерине ар дайым кубанычтабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Пекин шаарында “Бир алкак – бир жол” экинчи форумунун алкагында эл аралык кызматташтык боюнча сессиялардын ишинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды, - деди мамлекет башчысы.

“Биз бул жардамды жогору баалайбыз”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтуусунда, Кыргызстан Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүүгө өз салымын кошуп жатат.

“Азыр глобалдык экономикалык активдүүлүк борбору Азия континентине ооп турганын Сиздер жакшы билесиздер. Ээлеген географиялык орду боюнча Кыргызстан уникалдуу өлкө. Бир жагынан Кытай – биздин жакын кошунабыз, ал эми башка жагынан – биз Евразия экономикалык биримдикке мүчөбүз. Биз бул эки глобалдык экономикалык чөлкөмдөрдүн ортосунда көпүрө болууга даярбыз”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өтүп жатат. КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Форумдун 1-сессиясын ачкан соң, Россиянын, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Чили, Сингапур, Пакистан, Италия, Таиланд, Эфиопия, Венгрия, Греция жана башка өлкөлөрдүн делегация башчылары - президенттер жана премьер-министрлер өз сүйлөштү.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков форумдун 1-сессиясында "Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө" деген темада сөз сүйлөдү.

Пикир

Оставить комментарий