• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытай Кыргызстандын көргөзмө борборуна инвестиция салууга даяр

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кытай Кыргызстандын көргөзмө борборуна инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев КЭР Соода министрлигине караштуу Кытай Эл аралык экономикалык жана техникалык алмашуу борборунун делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда кыргызстандык ишкерлердин Кытайда өтө турган “Эл аралык кызмат көрсөтүү соодасы көргөзмөсүнө” катышуу маселеси талкууланды. Кытай жер тилкесин берүү менен Бишкекте көргөзмө борборун курууга инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын салттуу эл аралык көргөзмөсүн уюштуруу сунушталды.

Бул демилгелер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоо жана аймактагы бизнести өнүктүрүүнү колдоого багытталган.

КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү максатында мындан аркы кызматташууга жана сунуштарды кароого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий