• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк валюта рыногунан 24,5 млн доллар сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 26-апрелде валюта рыногунан 24,5 млн доллар сатып алды.

Ошентип бул долларды сатып алуу боюнча бешинчи интервенция болду.

Улуттук банк жыл башынан бери буга дейре төрт интервенция жасап, 22-апрелде 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.

Акыркы жумаларда доллардын куну түшүп жатканы байкалууда. Бүгүн доллардын расмий курсу 1 долларга 88,8 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий