• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайлык компания КРда энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобус жыйноочу завод курууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 20.08.23./Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча иштиктүү жолугушуунун алкагында КР Экономика жана коммерция министрлиги Gree Altairnano New Energy Co. Ltd." энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу заводду куруу боюнча Кытайлык компания менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кыргыз тараптан өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол койду.

Бул меморандум электроавтобустарды жыйноочу заводду куруу боюнча стратегиялык кызматташтыкты түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого эки тараптын кызыкдарлыгын ырастайт.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында «Gree Altairnano New Energy Co., Ltd» Кыргыз Республикасында электроавтобустарды тейлөө борборлору, заряддоо станциялары жана электроавтобустарга аккумуляторлорду алмаштыруу станциялары жана электроавтобустарды жыйноочу заводду курууга инвестиция тартуу, анын ичинде электр автобустарын тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү маселесин иштеп чыгат.


Маалымат үчүн: Gree Altairnano New Energy Inc. дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын бири жана электр унааларын жана заряддоо системаларын өндүрүүдө лидерлердин бириболуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий