• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мүлк башкаруу фонду жарым жылда 1 млрд сом иштеп тапкан

Экономика 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик мүлктү башкаруудан жарым жыл аралыгында 1 млрд 33,4 млн сом иштеп тапкан. Бул тууралуу ММБФнун коллегиясында төраганын орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик пакеттин акциясынын үлүшүнөн фонд 909,2 млн сом киреше, мамлекеттик ишканалардан түшкөн киреше 85,1 млн сом, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 38,6 млн сом пайда келген.

“Фонд функционалдык негизги маселелерин аткаруу менен, фонд менчиктештирүү, үлүштүк киреше, ижара акысы жана мамлекеттик ишканалардын кирешесинен каражат табат. Фонддун 59 акционердик бирикмеде мамлекеттик үлүшү бар. Алардын 38и ишмердүүлүгүн улантып жатса, 21и киреше табуу жөндөмдүүлүгүн жоготкон, 8и жоготуулар менен чыккан, 11и оптималдаштырылган”,-деди Алиев.

Пикир

Оставить комментарий