• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 211 миң тонна органикалык продукция өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата Кыргызстанда ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү – 210 968, 5 тоннаны түздү, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмү – 204 миң 440,25 тонна, мал чарбачылык – 6 миң 527,8 тонна.

Экспорт боюнча органикалык айыл чарба продукциялар – 6 миң 391,5 тонна.

Анын ичинен эл аралык сертификат алган чарбалар экспортко – 3 миң 165 тонна:

  • Кара өрүк – 30 тонна;
  • Каперсы – 40 тонна;
  • Пахта – 400 тонна;
  • Даары чөптөр – 58 тонна;
  • Жапайы продукциялары (жангак, кактын түрлөрү, мисте, бадам)– 370 тонна;
  • Фасоль– 2000 тонна.

Пикир

Оставить комментарий