• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлиги Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чараларды уюштурат. Тизме

Коом 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаралардын тизмесин жарыялайт.

11:00. Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи – "Дүйнө балдардын алаканында" аттуу сүрөттөрдүн кайрымдуулук көргөзмөсү;

11:00. Ч. Айтматов атындагы кино үйү – Балдарды коргоо күнүнө карата арналган иш-чара. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары (5-12 жаштагы балдар) (Кинематография департментинин директору Мукталы Бектеналиевдин катышуусунда);

12:00. А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде – “Сулуу кыз жана Желмогуз” жомок- спектакли коюулат. Бишкек шаарындагы аялуу катмарда жашаган балдар үчүн (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда);

14:00. КР Улуттук тарых музейинде – "Эже-синди, Беш көкүл" аттуу жаңы жыйнактын бет ачар аземи (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда);

15:00. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залы Балдарды коргоо күнүнө карата Жайыл районунун жана Кара- Балта шаарындагы балдар музыкалык мектеби жана Токмок шаарындагы “Үй-бүлөөлүк типтеги “Бактылуу балалык” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына арналган иш-чарасы (маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минисринин орун басары Салтанат Аманованын катышуусунда) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий