• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майып балдарын баккан ата-энелерге 1-январдан баштап айлык төлөнө баштайт

Коом 0

Бишкек, 04.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда 1-январдан баштап майып балдарын баккан ата-энелерге айлык төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Тийиштүү токтомду Өкмөт 2018-жылы ноябрда кабыл алган. Документке ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн "жеке ассистент" аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелер же жеке ассистенттерге 4900 сом өлчөмүндөгү айлык төлөнөт. Бул үчүн бюджетте 420 млн сом каралган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыр Кыргызстанда 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар, анын – 6 миңи ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Улуттук статистикалык комитеттин эсебинде, өлкөдө минималдык жашоо өлчөмү 4,9 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий