• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамкурулуш жыл башынан тарта 184 лицензия тариздеди

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-кварталында мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 184 лицензия таризделген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 110, Чүй облусу - 14, Талас - 3, Ысык-Көл -14, Ош - 32, Баткен- 2, Жалал-Абад - 5 жана Нарын - 4 лицензиял берилген.

Жалпысы Кыргызстандын юридикалык жактарына - 179 жана 5 жеке ишкерге лицензия берилген. 129 уюм лицензияны биринчи жолу алган, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.

Пикир

Оставить комментарий