• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик матрезервдер фондунун кампаларында 5,1 миң тонна жаздык үрөн бар

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында Россиядан алып келинген жаздык үрөндөрдүн калдыгы 5 миң 120 тоннаны түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- жаздык буудай – 1302,3 тонна;

- жаздык арпа – 3607,246 тонна;

- күн карама – 69,410 тонна;

- сафлер – 6,240 тонна;

- соя – 42,140 тонна;

- горох – 92,550 тонна;

- люцерна ( кара беде) – 0,150 тонна.

Айыл чарба министрлиги жаздык үрөн алууну каалагандарды жергиликтүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий