• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун таза кирешеси 16 млрд сомдон ашты – Амангелдиев

Экономика 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Акционердик коомдордун таза кирешеси 16 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга пландар боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 2,3 млрд сомго ашык болгон. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктөрдү башкаруудан республикалык бюджетке 6,5 млрд сом түштү.

"2022-жылдын башкы жетишкендиги "Кумтөр" ишканасын улутташтыруу болду. Компания алтын казуу боюнча ишин улантып, бардык кыйынчылыктарга карабастан өндүрүш процесстеринин туруктуулугун көрсөтүп, кайрадан дүйнөлүк рынокто алтын куймаларын сата алды", - деп кошумчалады Амангелдиев.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет экономиканын ар кайсы багытындагы 48 компаниянын акционери болуп эсептелет жана 96 мамлекеттик ишкана менен иштешет. Мамлекеттик ишканалардын көрсөткүчү финансылык тартипти туура көзөмөлдөө жана чыңдоонун натыйжасында жакшырды.

Пикир

Оставить комментарий