• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде жыгач күлүн жана тамекини аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Баткенде дээрлик 15 тонна жыгач күлүн жана тамекини аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Бүргөндү" чек ара постунда Э.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Volvo FH 500 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 343 кап жыгач күлү жана 108 кап майдаланган тамекинин сабактары табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 14 921 кг түзгөн. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 253 миң 800 сомду түздү.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий