• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Жыл сайын жаңы 150 миң жумуш ордун түзүшүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Калктын санынын активдүү өсүү фонунда Кыргызстанда жыл сайын жаңы 150 миң жумуш орду түзүлүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары каралган коллегияда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2030-жылга республиканын калкынын саны 9 млн адамга жетиши мүмкүн.

"Ошондуктан биз жыл сайын жаңы 150 миң жумушчу ордун түзүп, бул максатка жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшашыбыз керек", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын октябрында Кызыл-Кыяда жети миллионунчу кыргызстандык жарык дүйнөгө келип, президент Садыр Жапаров бөбөккө Жакшылык деген ысым койгон.

Өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Келечектеги болжолдорго таянсак, жети миллионунчу менен тогуз миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 8 жылдан аз болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий