• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Теңдик Аскаров дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кыргыз илими орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 4-мартында көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Аскаров Теңдик Аскарович узакка созулган оорудан улам 82 жашында дүйнө салды.

Аскаров Т.А. 1937-жылдын 18–декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасында окуп (1960-1963), анан. Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы (1963-1967), кийин – «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР УИАнын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенди.

1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Социалдык философия жана эстетика боюнча ири адис катары Т.Аскаров философиялык маселелерге, көркөм маданиятка диалектиканын мыйзамдары менен категориялары аркылуу терең ой жүгүртүп, илимий, көркөм процесстин көрүнүштөрүнө анализ жүргүзүүнүн салттуу эмес жолдорун издөөгө далалат кылган.

Анын жетекчилиги алдында бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.

Т.А.Аскаровдун илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал «Элдердин достугу», «Ардак Белги» ордендери, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына ээ болгон.

Теңдик Аскаровдун жаркын элеси республиканын илимий жана чыгармачыл коомчулугунун эсинде түбөлүк сакталат.

Пикир

Оставить комментарий