• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Достук айылына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен жана Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда сел жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Достук айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, сел ташкындарынын кесепетинен эгин талаалары жабыркаган, натыйжада, түшүмдүн бир бөлүгү талкаланган.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталган сон, жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий