• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектептин ачылыш аземине балдарды катыштырууга эч ким буйрук берген эмес – вице-премьер

Коом 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду.

Кээ бир атамекендик ЖМКларда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ачылыш аземине 2,5 саатка кечигип келгени, ал убакыт ичинде айрым окуучулар өздөрүн жаман сезгени тууралуу маалымат чыккан.

Өз кезегинде Өмүрбекова социалдык тармактагы баракчасына окуяга комментарий берди.

“2,5 саат күттүргөнүм боюнча түшүндүрмө бергим келип жатат. Жаңы мектептин ачылыш аземи саат 12:00гө пландалган. Биз 11:20да бардык, 10 мүнөттөн кийин иш-чара башталды. Окуучуларды тизүүгө эч ким буйрук берген эмес. Мектеп 10 жылдан ашык убакыт курулган. Бул айыл үчүн көптөн күткөн окуя болду. Балдарды мындай иш-чараларга колдонууга тыюу салабыз”, - деген ал.

Эске салсак, 2015-жылдын май айында Билим берүү жана илим министрлиги расмий адамдар менен жолугушууларга балдарды катыштырууга тыюу салган. Мындай чечим жогорку даражадагы чиновниктин келишин көп күткөнү үчүн өзүн жаман сезген окуучудан кийин кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий