• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Мен иштеп жүргөндө, эс алып жатышты” – саламаттык сактоо министри орун басарларынын кызматтан алынышы тууралуу

Коом 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында жакында кызматтан алынган эки орун басарынын ишине канааттанбагындыгын билдирди.

Анын айтымында, ал саламаттык сактоо тутумуна жооп бере турган команда түзгөн.

“Мен 5-6 ай иштедим жана иштин натыйжасыздыгын көрдүм. Эгерде дагы үч айдан кийин менин жаңы орун басарларым иштин жыйынтыгын көрсөтпөсө, алар дагы иштен алынат. Анткени, өзүнүздөр көргөндөй мен күнү-түнү иштеп жүрдүм, ал эми менин орун басарларым эс алып жатты. Мындай кызматкерлер мага кереги жок. Бизге жашообузду оңдогонго бирден-бир мүмкүнчүлүк берилди, бул министрден жана анын орун басарларынан көбүрөөк көз каранды”, - деп билдирди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий