• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрдин м.а. Нариман Түлеев кызматтан кетүү чечимин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев отставкага кеткендиги анын билдирүүсүндө айтылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Түлеевдин айтымында, ал кызматтан кетүү жөнүндөгү чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен биргеликте кабыл алган. Мэрдин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат.

"Азиз Суракматов коронавирус боюнча оор кырдаалдан улам мени Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматына иштөө үчүн көндүрдү. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, бирок ал шайлоого барууну чечип, мен мыйзамга ылайык мэр болуп иштей баштадым. Бирок мэрдин креслосунун айланасында ар кандай топтордун ыплас күрөшү башталгандыктан мен иштин бардык чөйрөлөрүнүн абалы жөнүндө отчетторду кабыл алганга убактым болгон жок. Айрым топтор агрессия көрсөтүп, кол көтөрүүгө чейин барды. Кээ бир адамдар бийлик үчүн элдерди бири-бирине каршы коюууга даяр экендигин көрдүм", - дейт Түлеев өз билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий