• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрия “Ак-Босого” конушуна мектеп курууга тендер жарыялады

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэрия “Ак-Босого” конушуна жаңы мектеп курууга тендер жарыялады.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы жалпы билим берүү мекемеси 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоордук-сметалык документтери толук бүткөн.

Тендер борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт. Жалпы билим берүү мекемесинин алгачкы сметалык баасы 284 млн 445 миң 867 сомду түзөт. Курулуш шаардык бюджеттен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий