• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Иманалиев кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр аталган жогорку окуу жай кыска аралыкта өлкө жаштарынын сүйүктүү билим ордосуна айланып, анын алгачкы бүтүрүүчүлөрү азыркы тапта түрдүү тармактарда ийгилик жаратып, мамлекет үчүн өз жемишин бере баштаганын өзгөчө белгиледи. Айрыкча, мекеменин маданият тармагы, маалымат жаатындагы даярдаган адистерине бүгүнкү күндөгү муктаждыктын бийиктиги берилген билимдин сапаттуулугунун натыйжасы деп билет. Андан тышкары, эки өлкө ортосундагы түбөлүк достуктун символу катары кынтыксыз кызмат кылып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Окуу жай жетекчиси буга чейинки Спорт Жогорку мектебинин Спорт факультети катары жаңылангандыгын жана анын ишмердүүлүгүнүн кулачы жайылып, мындан ары профессионал спорт адистерин, спортчуларды даярдап чыгаарын кубаныч менен кабарлады.

Маданият, маалымат багыты боюнча жана спорт факультеттерин кыдырып, андагы жаштар үчүн түзүлгөн эл аралык стандарттагы шарттарды талкуулап, жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө эки тарап жакында тарыхый-этнографиялык музей жана жаңы форматтагы бай китепкананын уюштуруу иштеринде тыгыз кызматташууга макулдашышты.

Өз кезегинде окуу жай белгиленген тармактар боюнча ар тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү сунушун билдирип, тийиштүү адистерге орток долбоорлор боюнча иш алып баруу тапшырмасы жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий