• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Министрлер кабинетинин жетекчилиги мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары Бишкек шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Исхак Раззаков – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү замандаштарыбыздын катарына кирет.

Акылбек Жапаров билдиргендей, Исхак Раззаков өз өлкөсүнө жана элине ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү боло алат, ал эми анын аты өлкөнүн тарых барактарында сакталат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий