• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоо максатында $ 80 млн алууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоо максатында $ 80 млн алууну пландоодо. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуу корутундусун жактыруу боюнча тиешелүү тескемеге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

Аталган макулдашуулар буга чейин КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2021-жылдын 24-июнундагы жана КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2021-жылдын 23-июнундагы чечими менен жактырылган.

Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соодалык жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган. Программа саясаттын төмөнкү негизги багыттарынан же колдонуу жааттарынан турат: (I) Соодалык жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, (II) Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, (III) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, (IV) Тармактар менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүү, (V) Коронавирустук инфекциядан кийин турукташтырууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн туруктуу финансылык жана социалдык коргоону жогорулатуу.

Аталган макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кредиттик жана гранттык негизде 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө финансылык жардам берилет (10,7 млн АКШ доллар - грант жана 69,3 млн АКШ доллары - кредит).

Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталат.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык аталган макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.

Аталган макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.

Пикир

Оставить комментарий