• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирзиёев атайын кызматты сынга алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын жана мекеменин айрым кызматкерлерин кескин сынга алды. Бул тууралуу ал 19-январда Сурхандарыяда активисттер менен жолугушканда айткан.

Бирок Интернетке жыйналыштагы аудиожазуу эми тарады. Анда Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын өлкөдө абсолюттук бийликти жоготууга айыптаган. Жыйын учурунда президент УКК төрагасынын биринчи орун басары, генерал Шухрат Гулямовдун атын атаган.

Мирзиёев Гулямовду паракорчулукка күнөөлөп, аны “шайтан” деп атаган.

53 жаштагы Шухрат Гулямов атайын кызматтагы карьерасын Сурхандарыя облусунан баштап, ушул эле аймакта аяктаган. Өзбекстандын күч түзүмдөрүндөгү булактар маалымдагандай, Мирзиёев 2017-жылы Гулямовду генерал наамынан ажыратып, ага каршы кылмыш ишин козгоону тапшырган. Алардын айтымында, мурдагы генерал тергөө абагында сурак берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий